7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парижде XXXIII жайкы Олимпиада жыйынтыкталды

408

Франциянын борборундагы “Станд де Франс” стадионунда мелдештин жабылыш аземи өттү. Иш-чарада Париж 2024-жылдагы Олимпиада өткөрүү укуктарын 2028-жылды утурлай Лос-Анжелеске салтанаттуу түрдө тапшырды. Эми туура төрт жылдан кийин XXXIV жайкы Олимпиада оюндары АКШда өтмөй болду.

Бул ирет Париждеги жайкы Олимпиада оюндарына 206 мамлекеттен 10 миң 500 спортчу катышты. Анда спорттун 45 түрү боюнча 329 медалдардын топтому ойнотулду.

Олимпиадага Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерде күч сынашты.

Жалпысынан Кыргызстан Олимпиадада 6 медаль — 2 күмүш, 4 коло утту.

206 өлкөнүн ичинен медалдардын саны боюнча алдыңкы бештикке Кытай, АКШ, Австралия, Япония, Франция кирди. 1-орунда 126 медалы менен АКШ жайгашса, 2-орунда 91 медалы менен Кытай, 3-орунда 45 медалы менен Япония, 4-орунда 53 медалы менен Австралия, 64 медалы менен 5-орунду Франция ээледи.

6 медалы менен Кыргызстан 68-орунга чыкты.

 

409