Бүгүн, 7-сентябрда парламент Саламаттыкты сактоо министри болуп Гүлнара Баатырованы дайындоого макулдук берди.
Жыйында 69 депутат макул, 1 депутат каршы добуш берди. Андан соң, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматка келиши менен куттуктады.