Египетте 29 жаштагы жигит кызды турмушка чыгуудан баш тарткандыгы үчүн өлтүрүп, андан соң өзүнүн жанын кыйган. Бул тууралуу Lenta.Ru басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 29 жаштагы Ахмад Фатхи Амейра 19 жаштагы Амани Абдул-Карим аль-Газзарды үйлөнүү сунушунан баш тарткандыгы үчүн үйүнүн жанынан атып салган.
Кол салууга чейин ал өзүн кылмышкер деп атап, кыз үчүн жашаганын, эми андан өч алуу ниети бар экенин видеого тартып алган.
Кыз жолдун жээгинен табылып, ооруканага жеткирилген. Бирок, дарыгерлер кыздын өмүрүн сактап кала алган эмес.