7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Патентке төлөнчү каражатты ыйгарып алган салыкчылар кармалды

734

Патентке төлөнчү акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган салык кызматкерлери кармалганын УКМКдан билдиришти.

«Базар-Коргон районунун соода-базар комплексинин ишкерлеринин жана соодагерлеринин патенттерине төлөнчү акча каражаттарды салык инспекторлору системалуу түрдө чогултуп, өздөрүнө ыйгарып алып жүргөн туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Натыйжада соттун санкциясы менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы жана райондун соода базарларын көзөмөлдөгөн 2 инспектор кармалып, №53 тергөө абагына киргизилди»,- деп берилет маалыматта.

 

 

735