7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Педагогдордун 70%ы эмдөөдөн өтпөсө, окуу онлайн-режимде башталат

1035

Эгер 1-сентябрга карата педагогикалык курамдын 70 пайызы эмдөөдөн өтпөсө, мектептеги билим берүү онлайн-режимде башталышы мүмкүн. Бул тууралуу расмий маалыматты Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

Анын айтымында, учурда республиканын бардык мектептеринде жаңы окуу жылына карата даярдык жүрүп жатат.

«Мектептерде оңдоо иштери аткарылууда. Август айында педагогикалык кеңеш өтөт. Анда жергиликтүү бийлик жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте бардык көйгөйлүү маселелер каралат. Эгер жаңы окуу жылына карата калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтүп калса, окуу кадимки режимде башталат. Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте «жашыл» жана «кызыл» зоналар боюнча иш алып барып жатабыз. Эгер көпчүлүк мугалимдер менен техникалык персонал вакцина албай калса, окуу онлайн-режимде башталышы ыктымал», — деди Абдылдаева.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1036