7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Педофилдерди аёосуз жазалоочу мыйзам кабыл алынды

706

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  Мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзам балдарды коргоо жаатында реформаларды ишке ашыруунун алкагында кол коюлган жана жыныстык кол тийбестигин коргоого болгон укуктарын, ошондой эле балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылууга багытталган.

Мыйзамга ылайык, балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айыптын өлчөмү көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адамдар жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу (58-берене), психикалык ооруга чалдыккандыгына же психикасынын убактылуу бузулушуна байланыштуу, ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу жолу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт. ( 89-берене) жана мунапыс.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

707