Екатеринбургда кыргызстандык аял өз баласын сатууга аракет кылган. Баласын 300 миң рублга баалаганы белгилүү болду.
Министрликтен кабарлашкандай, Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Орусиянын Тергөө комитетинин Свердлов облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү менен жолугушкан. Ал кармалган жаран Кыргызстандын жараны экенин билдирген. Аялга кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми бала социалдык мекемеге жайгаштырылган.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулдугунун кызматкерлери Орусиянын Свердлов облусу боюнча Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү менен жолугуу өткөрдү. Кармалган А.Н. аттуу Кыргызстандын жаранына кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми бала Екатеринбургдагы социалдык мекемеге жайгаштырылан.
Аял мындай кадамга карыздан улам барганы айтылды.
Башкы консулдук бул окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иш алып барууда, ошондой эле КРнын шектүү жаранына адвокаттын жана котормочунун кызматтарын көрсөтүү менен консулдук-укуктук колдоо көрсөтүүдө.