7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пляждардагы күн чатырлардын баасы 200 сомдон ашпашы керек

218

Ысык-Көлдөгү пляждардагы күн чатыр (зонтик) менен шезлонгдордун бир күндүк баасы 200 сомдон ашпашы абзел. Бул туралуу “Кабар” агенттигине Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу билдирди.

Калаа башчысынын айтымында, эреже боюнча, пляжга кирүү акысыз болушу керек. Күн чатыр менен шезлонгдордун бир күндүк баасы 200 сомдон ашпашы зарыл. Бирок, ага карабастан азыркы учурда пляжга кирүү үчүн акы алышууда жана зонтик, шезлонгдордун баасын 2-3 миң сомго чейин жогорулатышууда.

“Туристтерге жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү үчүн пансионат ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жалпысынан алганда, Чолпон-Атадагы көпчүлүк пансионаттарда шарттар жакшы. Туристтерге болгону меймандостугубузду жана маданиятыбызды көрсөтүү гана зарыл. Бул багытта ар бир пансионат ээси менен жеке сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, тамак-аш жана керектүү буюмдардын бааларынын кымбатташы боюнча да нааразычылыктар айтылууда. Бул көйгөй чын эле бар. Негизи бул маселени Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөшү керек. Жакын арада бааларды көзөмөлдөп, текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлөт”,-деди Азамат Арнабек уулу.

219