7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Премьер-министр Ташкент шаарындагы фабрика, заводдорду кыдырды

732

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы бир катар фабрика жана заводдорду кыдырды.

Өкмөт башчы шоколад, таттуу нан азыктарын жана кондитердик азыктарды чыгарган «Crafers» кондитердик фабрикасындагы өндүрүштүк процесс менен таанышты, ошондой эле кондитердик, таттуу нан азыктарын жана тез даярдалуучу азыктарды чыгарган «Ardent Foods» фабрикасына барды.

Мындан тышкары, Улукбек Марипов «Gold Moon» зер буюмдарды өндүрүүчү ишканага барды.

Завод заманбап жабдуулар менен жабдылып, жылына алты миң тоннага чейин зер буюмдарын өндүрүү мүмкүндүгүнө ээ. Белгиленгендей, жакынкы аралыкта даяр продукцияны жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоо пландаштырылууда.

Андан соң Өкмөт башчы текстилдик фабрикага жана карапа жабууларын жана плита өндүрүүчү заводго барды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Ташкент шаарына, бүгүн, 2021-жылдын 26-мартында өтүүчү Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышуу үчүн келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

733