7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров статкомитеттин ишин электрондук форматка өткөрүүнү талап кылды

447

Президент Садыр Жапаров Улуттук статистикалык комитеттин ишин электрондук форматка өткөрүү боюнча ишти күчөтүүнү талап кылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Самат Насирдиновду кабыл алды.

Самат Насирдинов Улуттук статистикалык комитеттин 2020-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2021-жылга карата коюлган артыкчылыктуу пландар тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылы өткөрүлө турган калкты жана турак жай фондун каттоого даярдыктар жөнүндө айтып берди.

Самат Насирдиновдун айтымында, 2020-жылдагы Статистикалык иштердин программасына ылайык, Улуттук статистикалык комитети тарабынан 25 миңден ашуун статистикалык иштер аткарылган. 2020-жылы Улуттук статистикалык комитет тарабынан 77 экономикалык доклад, республиканын жана аймактардын социалдык-экономикалык абалын мүнөздөгөн 1171 экспресс-маалымат, ошондой эле экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдүн өнүгүүсүн ар тараптуу мүнөздөгөн 700дөн ашык статистикалык бюллетендер даярдалган.

Мындан сырткары, 2020-жылдын июль айында улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылууга, сапаттуу расмий статистикалык маалыматтарды чыгарууга жана калктын расмий статистикага болгон ишенимин жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» мыйзамы күчүнө кирген.

Президент Садыр Жапаров Улуттук статистикалык комитети өз ишин санарипке, отчеттуулукту жана маалыматтарды иштеп чыгуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн статистикалык отчеттуулуктун формаларын электрондук форматка өткөрүү боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы Улуттук статистикалык комитеттин институционалдык өнүгүүсүнө, бизнес-процесстерди өркүндөтүүгө, технологиялык потенциалды жана инфраструктураны чыңдоого багытталган Дүйнөлүк банктын «Салыктык администрацияны жана статистикалык тутумду модернизациялоо» долбоорун сапаттуу ишке ашыруунун маанисине токтолду.
Ошондой эле Садыр Жапаров калкты жана турак жай фондун каттоого даярдыктарды сапаттуу жана өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен камсыз кылууну тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

448