7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айтбекова күйөөсүнүн уулдуу болгонун жазып, сүйүнүчү менен бөлүштү

4193

«Мен кыйрата албасам да азыркы келинчеги бактылуу кылса болду», — дейт белгилүү алып баруучу, актриса Назира Айтбекова. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, күйөөсү балалуу болгон.

«- Апа, билесиңби, мен инилүү болуптурмун! Аталаш болсо деле мейли да ээ?
— Ойиий, абдан кубанычтуу кабар экен! Аталаш болсо деле, бир энеден туулбасаңар деле каныңар бир , балам! Сен эң сонун ага болосуң ага. Сен аны коруйсуң! Куттуктайм , балам!
— Апа, мен чыдамсыздык менен аны мн таанышчу күндү күтүп атам! — деди балам жетине албай! Мен да сүйүндүм . Кадимкидей бир тууганым , же жакын адамым балалуу болгондой сүйүндүм! Мен кыйрата албасам дагы азыркы келинчеги кыйратып, бактылуу кылса экен дейм. Жаратканым күбө. Ичимде таруудай таарынычым, кыпындай арамдыгым жок. Миң таарынтса деле таарына албай койдум ошо кишиге. Тогуз жылыбыз, анан уулубуз үчүн ушундай ыраазымын! Арманым да, кейишим да, өкүтүм да жок. Мен да атабызды кубанычтуу кабары менен куттуктайм! Уулум экөөбүз биздин үйдө төрөлгөндөй эле жыргап атабыз! Дагы көп балалуу болушсун. Уулум бир туугандары менен катташып, ынтымактуу болсо сүйүнөм», — деп жазган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4194