7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Саламаттыкты сактоо министрлигинде коррупциялык схема аныкталды

3826

УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо системасындагы туруктуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, коронавирус пандемиясы учурунда атайылап жогорулатылган баада медициналык каражаттарды сатып алуунун системалуу фактылары аныкталды.
Маалым болгондой, 2020-жылдын май айларында Саламаттыкты сактоо министрлиги эл аралык гранттар жана насыя каражаттары аркылуу жалпы суммасы 1,8 миллион АКШ долларына 67 жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, ал эми алардын иш жүзүндөгү базар баасы 600 миң АКШ долларын түзгөн. Мисалга алганда, 40 даана сатылып алынган ар бири 30 миң АКШ долларынан турган желдеткичтер, алардын баасы  Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалымат базасы боюнча 7900 АКШ долларын түзгөн. Мындан тышкары, 2020-жылдын сентябрь айында Саламаттыкты сактоо министрлиги ар биринин баасы 25 миң АКШ долларынан болгон 27 даана балдарга ылайык жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, бирок алардын базар баасы 10 миң АКШ долларынан ашпаган суммада болгон.
Ушундай эле абал медициналык мекемелерге дем алууну колдоочу каражаттарды (концентратор) жана функционалдык керебеттерди жеткирүүдө дагы ушундай абалдар байкалууда.
Ушул факты боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) фактысына ылайык катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3827