7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Премиум класстагы 24 батир мамлекетке өткөрүлдү

323

УКМК Бишкек шаарынын түштүк аймагынан көп кабаттуу үй куруу үчүн жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

2005-жылы жер тилкесин минималдуу өлчөмдө ижарага берүү учурунда Бишкек шаарынын мэриясы курулган турак жайдын 13 пайызын мэрияга берүү шарты менен келишим түзгөн.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 1,5 гектар аянтка көрктөндүрүү, коопсуздук жана техникалык камсыздоонун заманбап технологиялары (акылдуу үйлөр, акылдуу короолор, лифттер) менен жабдылган 7 блоктон турган элиталык “Н.Р.” турак жай комплекси курулгандыгы аныкталган. Жалпысынан 166 батир курулуп, жалпы аянты 19070,6 чарчы метрди түзөт.

Бирок, долбоорду ишке ашыруу процессинде, балким, коррупциялык байланыштарды пайдалануу менен, ижарачынын жана куруучунун демилгеси боюнча, муниципалдык кызмат адамдарынын тымызын көмөгү менен, соттун чечиминин негизинде батирлердин бир бөлүгүн мэриянын пайдасына өткөрүп берүү жөнүндө милдеттенме келишимден алынып салынган.

Буга байланыштуу тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен мамлекеттин пайдасына 24 батир, жалпы санынын 14% берилген. Берилген турак жайдын жалпы аянты 2685,9 чарчы метрди түзөт.

Өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк 3 бөлмөлүү батир болуп, ар биринин аянты болжол менен 120 кв.м. түзөт.

 

324