7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Акылбек Жапаровдун эмне себептен кызматтан четтетилгенин айтты

342

Учурга чейинки жетишкендиктерге мурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун да салымы бар, эми анын кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок. Мындай пикирин мамлекет башчысы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул тармак Акылбек Усенбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле”,- деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле, мыйзамсыз иш аракеттеринен улам, салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, бул жерде жеке кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болгондугун президент баса белгиледи.

Андан соң, өлкө башчысы эл өкүлдөрүнө кайрылып, коом турмушу саат жебесиндей токтобой кете берээрин, андыктан биз да өз ишибизди токтотпой улантышыбыз керек деп белгиледи.

Белгилей кетсек, 16-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров отставкага кеткен.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

343