7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерин куруу боюнча кеңешме өткөрдү

8

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда Чолпон-Ата шаарында «Ала-Тоо Резорт» бардык сезондук кластерин куруу боюнча даярдык иштеринин жүрүшүнө арналган жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйынга тармактык министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты.

Мамлекет башчысы долбоордун жүрүшү жана ишке ашыруунун алгачкы баскычтары боюнча жооптуу адамдардын кеңири отчетторун укту. Атап айтканда, энергетика министри курортту энергия менен жабдуу схемалары тууралуу, ал эми курулуш жана транспорт министрлери райондо инженердик тармактарды жана унаа жол каттамдарын куруу пландары жөнүндө айтып беришти.

Биринчи асма жолду 2026-жылдын жай айына бүтүрүү пландаштырылган.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле 2025-жылдын 15-июлунан 18-июлуна чейин 49 лотту сатуу боюнча аукцион өткөрүлөрү белгилүү болду. Ага жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор чакырылган.

Жер тилкелери 3-5 жылдыздуу мейманканаларды, VIP-коттедждерди, этно-таунхаустарды, ресторандарды, кафелерди, SPA-комплекстерин жана башка туристтик жана коммерциялык объекттерди курууга арналган. Долбоорго катышуу инвесторлорго Борбор Азиядагы эл аралык стандарттарга багытталган ири туристтик кластерлердин биринин бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк берет.

Жыйындын соңунда президент Садыр Жапаров бардык этаптарда ишти өз убагында жана толук каржылоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жооптуу органдарга курулуш процессинин үзгүлтүксүз жүрүшүн жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын камсыздоо максатында долбоорду ишке ашырууда, өзгөчө даярдык көрүү жана инфраструктуралык иш-чараларда кечиктирүүлөргө жол бербөөнү тапшырды.

9