7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Ар бир жетекчи өз тармагыңарды ирээтке келтиргиле

355

Коррупциялык элементтерди, уруулуктарды түп-тамыры менен жок кылгыла, таза иштегиле. Эгерде таза, адилет иштегенге көзүңөр жетпесе, эртелеп эле арыз жазып кетип калганыңар өзүңөргө жакшы болот. Министрлерге карай мындай пикирин президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Ошондой эле, мурдагы заманды унутуп, ар бир жетекчи мейли кайсы тармакта болбосун өз тармагын ирээтке келтирүүнү айтты.

“Биз да кетебиз, мөөнөтүңөр аяктагандан кийин сиздер да кетесиздер. Мамлекетибиз, элибиз гана түбөлүк калат. Бийлик алмашат, жаңылар келет, кетет. Турмуш өзү ушундай. Эң башкысы эл кызматына татыктуулар, чынчылдар, мекенчилдер келип жалпы журтубузга кызмат кылып беришсе болгону. Мекенибизге, сүйүктүү Кыргызстаныбызга кылым кыйырынан бери нарк күтүп сакталып келе жаткан элибизге кызмат кылалы, таза, чын жүрөктөн ак ниет иштеп берели”,- деди мамлекет башчы.

356