Бүгүн, 9-майда президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди.
Ошол эле жерде Президент Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине кайрылып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
“Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагерлери!
Ооруктун кадырлуу эмгекчилери!
Урматтуу мекендештер!
Быйыл Улуу Ата мекендик согуштагы улуу Жеңишке 77 жыл толду. Улуу Жеңиш – эрдиктин, каармандыктын жана кайраттуулуктун символу болуп калган бүткүл элдик майрам.
Сиздерди бүгүнкү Жеңиш майрамыңыздар менен чын ниетимден куттуктайм!
Бул күндө биз жыл сайын келечек муундун бейпил жашоосу үчүн Улуу Ата мекендик согуштагы кан майданда ажалга тике карап салгылашкан жана оорукта “бардыгы фронт үчүн!” деген ураан астында тыным албай эмгектенген аталарыбыздын, апаларыбыздын эстен кеткис эрдиги менен каармандыгын эскерип келебиз.
Биз, кийинки муун – кайсы убакта, кайсы жерде болбосун, кан майданда курман болгондорду эскерип, ардагерлерибиздин алдында башыбызды ийип, ооруктун эмгекчилерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бейпил турмуш, эркин жашоо, жаркын келечек үчүн кан төккөн ата-бабаларыбызга ар убак милдеттүү экендигибизди унутууга акыбыз жок!»,-деди өлкө башчы.