7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кожошев: Душман алдында элдин ынтымагын, бекемдигин өз үлгүңүз менен көрсөттүңүз

554

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барууну улантышууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 1943-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн, согуштун ардагери Асек Урманбетовдон кабар алды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн 10 миллион 807 миң сом бөлүү тууралуу буйрукка кол койгонун белгиледи. Ага ылайык согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон берилди.

«Биз фашизмди жеңүүгө баа жеткис салым кошкон ата-бабаларыбыз менен сыймыктанабыз, алар ар дайым биз үчүн үлгү болуп кала беришет. Чоң атам Улуу Ата Мекендик согушта Харьковдун жанында кызмат өтөгөн, бизге кесиптештеринин эрдиктерин айтып берип, биз үчүн тирүү легенда болгон. Сиз душман алдында элдин ынтымагын, бекемдигин өз үлгүңүз менен көрсөттүңүз. Улуу Жеңиш үчүн рахмат», — деди Арзыбек Кожошев.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов учурда 99 жашта. Ал Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы Кызыл Жылдыз ордени, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин урматына юбилейлик медалдар менен сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

555