7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Азыртадан эле калкты көмүр менен камсыз кылуу жумуштарына көңүл буруу керек

492

«Азыртадан эле калкты көмүр менен камсыз кылуу жумуштарына көңүл буруу керек, анткени жаздын акыркы айы, анан жай саратан өтүп, бат эле кыш кирип келет”– деп айтты Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районундагы Кара-Кеч көмүр кенине барганда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалынын жамааты алдында сүйлөгөн сөзүндө алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине өз убагында даярдык көрүү зарылдыгын белгиледи.

“Азыртадан эле калкты көмүр менен камсыз кылуу жумуштарына көңүл буруу керек, анткени жаздын акыркы айы, анан жай саратан өтүп, бат эле кыш кирип келет. Совет мезгилинде биздин өлкө “Орто Азиянын кочегары” деп даңкталып келгендигин ошол совет доорунда жашап калган биздин улуу муундун өкүлдөрү жакшы билишет. Ошол учурда Кыргызстан 4 млн тоннадан ашык көмүр казып, Өзбекстанга, Тажикстанга экспорттоп турган. Кыргызстандагы бардык көмүрдүн корунун көлөмү болжол менен 6 млрд тонна деп айтылса, анын ичинен 1 млрд 800 миллион тоннасы чалгындоо менен аныкталган. Тилекке каршы, 1990-жылдан 2008-жылга чейин белгилүү себептер менен кендерибизге жарытарлык маани берилбей, жылына болгону 300 миң тонна эле көмүр казылып келген. Башкасы мейли, Жараткан маңдайыбызга жазып койгон ушул “кара алтын” менен элибизди камсыз кыла албасак, коомчулуктагы бийликтин дарегине айтылган сын-пикирлерди кантип калпыс, жөнү жок деп айта алабыз. Былтыркы күз-кыш мезгилинде өлкө боюнча жалпысынан 3 млн тонна көмүр керектелген экен. Анын ичинен 1 млн 650 миң тоннасын Бишкек ЖЭБи, 1 млн 400 миң тоннасын калк менен бюджеттик мекемелер жагыптыр. Демек, бүгүнкү күндө экономикабыз оңолгон сайын, көмүрдүн казылып чыгышы дагы көбөйө баштады деп айтсак жаңылышпайм” – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент өлкөдөгү көмүр боюнча былтыркы кырдаалга кеңири токтолду.

«Былтыр өлкөбүздө кургакчылык болуп, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болуп калды. Бул жагдай көмүр менен камсыздоо маселесинде экономиканын бардык тармактарына, анын ичинде өнөр жайга, калкка бир топ таасирин тийгизип, республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында жалпы өлкөнү электр энергиясын үнөмдөө режимине өтүүгө мажбур кылды. Ошол мезгилде, эсиңиздерде болсо керек, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына чоң милдет жүктөлүп, элибизди кышкысын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмасы берилген. Бул жагдайда “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынынын жалпы жамааты күчөтүлгөн режимде күн-түн иштеп, кыштан аман-эсен чыгып алдык. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы 1 млн тонна көмүр казууга жетишип, 318 млн сомдон ашуун киреше көрдү. Былтыр бул сумма болгону 24 млн сом болгон.Дагы бир айтып койчу жагдай, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына караштуу “Ысык-Көл кемечилиги” филиалынын жүктөө-түшүрүү пунктунда болуп келген коррупциялык элементтер толугу менен жокко чыгарылды. Буга чейин аталган жүктөө-түшүрүү пунктунда көмүргө кумду аралаштырып туруп, Бишкек Жылуулук электр борборуна калориясы төмөн көмүрдү жиберип турушчу экен. Мындай терс көрүнүштү мындан ары болтурбоо максатында “Ысык-Көл кемечилиги” филиалынын штаттык курамы 95 пайызга жаңыланды. Ошону менен бирге Кара-Кече кенинен казылган көмүрдү дыкат көзөмөлдөө максатында жана Балыкчы шаарындагы унааларды таразага тартууда онлайн фото жана видео фиксация кыла турган заманбап электрондук жабдыктар орнотулду.

Натыйжада Кара-Кечедеги, Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык схемалар жок кылынып, таза көмүр кирип, 100 миң тонна үнөмдөлдү. Ошентип, 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилинде Бишкек Жылуулук электр борборунда 31 млн. сомду үнөмдөп калууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле менин тапшырмамдын негизинде “Кыргызкөмүр” ишканасы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы менен биргеликте өткөн жылдын октябрынан тартып стратегиялык объект саналган Кара-Кече көмүр кениндеги коопсуздукту камсыз кылуу, коопсуздук кызматын күчтөндүрүү максатында атайын даярдыктагы «Альфа» бөлүгүнүн аскерлеринин нөөмөтүн күнү-түнү уюштурду. Бул аракет конфликттик кырдаалдарды азайтып, көзөмөлдөө-өткөрүү режимин тартипке келтирүүнү камсыздады. Ошентип коррупциялык көрүнүштөрдү толугу менен жоюуга чоң өбөлгө түзүлдү” – деди өлкө башчысы.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров айрым ортомчулар көмүрдүн баасын көтөрүп, 1 тоннасын 6-7 миң сомдон сатып, элге бир топ кыйынчылык жаратканын. Анын үстүнө жеке менчик автотранспорттук компаниялар жогорку сапаттагы көмүргө болгон суроо-талаптын өсүп жаткандыгынан пайдаланып, ашыкча пайда көрүү максатында көмүр ташуудан өзүм билемдик менен баш тартышканын эске салды.

Бул жагдай “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына өзүнүн оор жүк ташуучу комплексин уюштуруу жана Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу үчүн атайын автотранспорттук техникаларды сатып алуу зарылчылыгын пайда кылды. Элибизди ушундай кыйынчылыкка кабылтпаш үчүн “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы өзүнүн автоколоннасын түзсүн деп, азырынча көмүр ташуучу 50 чоң унаа алып берүү чечимин кабыл алдым. Бул – иштин башы эле. Буюрса, келечекте унаалардын санын 200гө жеткирип, чоң жүк ташуучу мамлекеттик мекеме түзөбүз. Мамлекеттик транспорттук мекеменин түзүлүшү кийинки жылытуу мезгилдеринде Бишкек шаарынын ЖЭБине жана элге көмүр жетишсиздик көйгөйүн болтурбоого өбөлгө түзөт” — деп белгилели Садыр Жапаров.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

493