7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Балыкчы шаарына ипотекалык үйлөр курулат

403

Балыкчы шаарына ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарынан келген делегаттын аталган калаада ипотекалык үй куруу боюнча көтөргөн суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, учурда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарларына үйлөр курула баштады.

“Балыкчы шаарына дагы ипотекалык үйлөдү курабыз. Бул боюнча иштер жүрүүдө”, — деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Бишкекте III Элдик курултай өтүүдө. Ага президент, министрлер кабинетинин өкүлдөрү жана жер-жерлерден келген делегаттар, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын өкүлдөрү катышууда.

404