7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Беш-Күңгөйдөгү футбол комплекси курулуучу жерди барып көрдү

578

Президент Садыр Жапаров бүгүн Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылындагы футбол комплекси курулуучу жерге пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысына комплекстин аймагында трибуналары бар толук көлөмдөгү футбол аянты, ошондой эле машыгуу аянтчасы жайгаша турганы маалымдалды.

Батыш трибунада фитнес залдары, кийим которуучу бөлмөлөр, сыйлуу коноктор үчүн зал, техникалык бөлмөлөр, баяндамачылар бөлмөсү жана конференц-зал болот.

Коммерциялык жана техникалык жайлар чыгыш трибунада жайгаштырылат. Жер тилкесинин жалпы аянты 1,94 гектар.

Садыр Жапаров комплекстин долбоору менен таанышып, келечектеги чемпиондорду даярдоого, жарандардын ден соолугун чыңдоого жана активдүү эс алууга шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

579