7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн»: Москвадагы 15 жашар Ислам Халилов Кыргызстандын аброюн көтөрдү

426

«Жети күн»: Москвадагы 15 жашар Ислам Халилов Кыргызстандын аброюн көтөрдү

2024-жылдын 24-мартынан 30-мартка чейинки окуялар тууралуу профессор Сулайман Кайыпов менен маек.

Негизги окуялар:

– 26-март күнү кечинде Райым, Тилек, Руслан жана Ислам Матраимовдор Бакы шаарынан Бишкекке алып келинди. Эртеси Райым соттун чечими менен бир айга камакка алынды, калган 3 бир тууган Ошко жөнөтүлдү.

– Анын алдында УКМК Бишкекте Азербайжандын 5 жаранын кармаган, алар Матраимовдун тапшырмасы менен Кыргызстан жетекчилерине кол салуу уюштурууга аракеттенген деп айтылууда.

– Бишкекке Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгү келип кетти, аларды Акылбек Жапаров кабыл алып, Камбарата-1 ГЭСинин курулушун талкуулады, Дүйнөлүк банк ага $500 млн бериши мүмкүн.

– Ошол эле Камбарата-1 маселесин Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Чжэн Ву менен кечээ күнү талкуулады.

– Дүйнөлүк банктын жардамы менен Бишкектеги кардиоборборго бир жарым млн долларлык жаңы аспаптар берилди

– Акылбек Жапаров калдыктарды иштетип, жылуулук менен электр энергиясын чыгара турган заводдун ордуна 29-мартта капсула салды. Суткасына бир миң тонна калдык иштетилет экен, кубаттуулугу 20 мВт.

– Бишкекте кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия менен Океаниянын кубогу өтүп жатат.

– Бишкекте начар уккандар арасында сурдотаэквондо боюнча дүйнө чемпионаты болуп өттү. Кыргызстанда бир алтын жана бир нече күмүш менен коло медаль бар.

 

– Москвадагы «Крокус» маданий борборунда 22-мартта болгон теракт учурунда 2 кыргызстандык кыз – Эдита Жусупова менен Маиза Гулжигит кызы – каза болгон сыяктуу.

– Ошол теракт учурунда жүздөн ашык адамды куткарып сактап калган 15 жашар Ислам Халилов ар башка мактоо жана сыйлыктарга татып жатат. Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин ага кечээ күнү Москвада медаль тапшырды.

– Минэкономиканын айтымында, былтыр, 2023-жылы, Кыргызстанда киши башына туура келген дүң өндүрүм $1970ке жетиптир. Көп жылдар бою ал бир миң доллардын тегерегинде болуп келген.

– Минфиндин айтымында, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында акыркы 4 жылда мамлекетке 20 млрд сомдон ашык кайтарылыптыр.

– Минфиндин дагы бир айтканына караганда, үстүбүздөгү жылдын фнварь-февралында бюджетке түшкөн төлөмдөрдүн жалпы колөмү 19 пайызга өскөн экен.

– Быйыл Кыргызстан 3,5 млрд кВт-саат энергия сатып алмай болду, былтыр 3 млрд 400 млн кВт-саат сырттан алынган экен.

– Орусиянын Сочи шаарында өткөн «Атомэкспо» форумунда энергетика министринин орун басары Байгазиев чыгып сүйлөп, Кыргызстан чакан атом станциясын курмай болду деп билдирди.

– Кыргызстанда футбол спортун өнүктүрүү боюнча президенттин атайын жобосу чыкты.

– Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Бишкекте Тайвань командасын 5:1 эсебинде утту, Тайвандын өзүндө ойногондо да мурда Кыргызстан 2:0 эсебинде уткан.

 

– Билим берүү министри Кендирбаева – бала-бакчалар акырындык менен кыргыз тилине толук өткөрүлөт деп билдирди.

– Мектептерде 12 жылдык окуу тартиби киргизиле баштады, жаңы окуу жылында 1-класстарды жарым жыл өткөндөн кийин, 1-январдан тартып 2-класска которуу пландалууда.

– Кыргызстан менен Тажикстан өкүлдөрү Баткенде жолугуп, дагы 28 чакырым чек араны тактады.

– Бишкекке америкалык сенатор Стив Дэйнс келип, президент Садыр Жапаров менен жолугуп кетти.

– Ош прокуратурасы Ош шаардык сотуна каршы кылмыш ишин ачты. Алар бүткөн иштерди сот аткаруучуларга бербей жүрүптүр.

– Кыргызстан жаңы аэробус сатып алды, жылдын аягына чейин дагы бирди алабыз деп жатат.

– Бекет.кейджи деген сайт иштей баштады деп атылууда, эми адамдар автовокзалга барбай эле, билетти интернет аркылуу сатыа алса болот экен.

– Кечээ күнү Бишкекте жаш киночулардын «Үмүт» фестивалы башталды, эртең аяктайт.

– Саламаттык сактоо министри депутат Коргонбай уулун сотко берди, депутат мурда министрди – уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышкан деп күнөөлөгөн.

427