7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

221

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, үчүнчү өлкөлөрдө резиденциясы менен аккредитацияланган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын Бразилия Федеративдик Республикасынын элчиси Марсель Фортуна Биато, Австрия Республикасынын элчиси Андреа Бахер, Финляндия Республикасынын элчиси Янне Хейсканен, Дания Королдугунун элчиси Йеспер Вар, Ангола Республикасынын элчиси Аугушту да Силва Кунья тапшырышты.

Салтанаттуу азем чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчыларын Ардак кароолдун тосуп алышы менен башталып, андан соң элчилер президент Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, алардын ишмердүүлүгү өлкөлөр ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого жардам берерине ишенимин билдирди.

“Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен саясий диалогду, соода-экономикалык кызматташтыкты ырааттуу түрдө өнүктүрүп келүүдө. Биз сиздердин өлкөлөр менен өз ара пайдалуу жана жемиштүү өнөктөштүктү камсыз кылууга даярбыз”, — деди Президент жана өлкө жетекчилиги чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчыларынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуу болушуна, өлкөлөр ортосундагы карым-катнаштын бекемделишине, ошондой эле экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыл сайын өсүшүнө чын дилден тилектеш экенин билдирди.

«Сиздердин Кыргызстанга миссия менен келишиңиз биздин өлкө үчүн маанилүү тарыхый мезгил менен дал келүүдө. Бүгүн биз негизги мамлекеттик реформаларды жана ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Мындан тышкары, биз коңшу өлкөлөр менен болгон бардык чек ара маселелерин толугу менен жөнгө салдык, бул кызматташуу үчүн жаңы перспективаларды ачат», – деп Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

 

 

222