7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент бир катар төкмө акындарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

543

Президент Садыр Жапаров улуу руханий мурас – кыргыздын «Манас» эпосун сактоого, ошондой эле айтуучулук өнөрүн жана төкмө чыгармачылыгын илгерилетүүгө жана жайылтууга кошкон чоң салымы үчүн өнөр адамдарына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жаңы имаратынын ачылышынын алкагында өттү.

Мамлекеттик жогорку наамдар менен төмөнкүлөр сыйланды:

  • «Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы төкмө акын Иманалиев Элмирбек Калиловичке (каза болгондон кийин);
  • «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардак наамы Кыргыз улуттук «Манас» театрынын манасчысы Исаков Рысбай Рахмановичке ыйгарылды.
  • «Даңк» медалы менен манасчы, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Биймырза уулу Азиз сыйланды.
  • «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардак наамы Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны Акматов Баян Өмүрбековичке тапшырылды.
  • Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны Айдаркулова Изат Абдыжапаровна, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын дастанчысы Токтоболот уулу Улукбек сыйланышты.

544