7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Биз бир туугандык мамилелердин мындан ары да чыңдалышына терең ишенебиз

473

Садыр Жапаров бүгүн, 26-майда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Бишкекте болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич! Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Бүгүн мен боордош Казакстандын президенти, Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич Токаевди жана казак делегациясынын мүчөлөрүн тосуп алганыма терең кубанычтамын.

Биз мамлекеттерибиздин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногондугунун 30 жылдыгына карата өтүп жаткан Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин расмий сапарына өзгөчө маани беребиз. Бул — биздин мамлекеттерибиздин мамилелеринин жогорку деңгээлинин жана эки өлкөнүн ортосундагы ишенимдүү саясий диалогдун далили.

Урматтуу достор, ушул отуз жыл ичинде биздин жакын коңшулук мамилелерибиз жана достугубуз биргелешкен аракеттерибиз менен үзгүлтүксүз бекемделип келе жатты, эки өлкө ортосундагы стратегиялык өз ара байланыштар жана союздаш мамилелер тереңдеп келди. Биз эң жакын коңшу жана бир тууган элдерденбиз жана биз мамилелерибизди мындан ары да бекемдеп, кеңейтүүгө даярбыз.

Биздин бүгүнкү сүйлөшүүлөрүбүз салттагыдай эле достук, жылуу маанайда, иштиктүү жана конструктивдүү кырдаалда өттү. Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык мүнөздөгү маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды. Мамилелерди чыңдоого жана андан ары өнүктүрүүгө багытталган бардык багыттар боюнча макулдашууларга жетиштик. Алардын ичинен эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүү жана стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыгаруу максатында 2003-жылдын 25-декабрындагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимди жаңылоо жөнүндө макулдашууну өзгөчө белгилеп кетким келет.

Биргелешкен Индустриалдык  соода-логистикалык комплексин куруу долбоору боюнча мурда жетишилген макулдашууну ишке ашыруунун алкагында анын курулушуна капсула салынды.

Биз Өкмөттөрдүн алдына өз ара сооданын деңгээлин 2 миллиард АКШ долларына жеткирүү, Биринчи Аймактар аралык форумду сапаттуу жана мазмундуу даярдап, өткөрүү, Кыргыз-Казакстан Ишкерлер кеңешинин ишин жандандыруу, биздин чек аралар аркылуу жүктөрдү алып өтүү механизмдерин андан ары өркүндөтүү жана башка маселелер боюнча милдеттерди койдук.

Товарларды жана жүктөрдү Казакстан аркылуу өткөрүү маселеси боюнча, чек арадагы тыгындарды болтурбоо жана бул маселе боюнча мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоо келишимине келдик.

COVID-19 коронавирустук илдетинин жайылышы менен байланышкан дүйнөдө уланып жаткан санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын айланасында биз эки өлкөнүн ортосундагы толук кандуу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу, анын ичинде жарандардын жүрүшү үчүн  ыңгайлуу шарттарды түзүү  максатында аба, темир жол жана унаа байланыштарды ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү маселелерин кеңири талкууладык.

Ошондой эле эки тарапты кызыктырган аймактык жана эл аралык темалар боюнча пикир алмашып, көп тараптуу кызматташуу форматындагы биргелешкен аракеттерди белгиледик.

Кыргызстан менен Казакстан позициялардын окшоштугун жана азыркы кездеги  геосаясий кырдаалда аймактык жана эл аралык мүнөздөгү жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде терроризмге, экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө биргелешкен күч-аракеттерди консолидациялоо зарылдыгын дагы бир жолу ырасташат.

Кыргызстан жана Казакстан эл аралык уюмдар менен иш алып барууда бирдиктүү аракеттерди карманышат — ал БУУ, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдар алкагында өз ара аракеттерди бекемдөө.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Биз бүгүнкү жолугушууда жалпы тарыхый, маданий өзөгү бир, тили жана салттары бар эки тектеш элдин маданий кызматташтык маселелерин да карадык. Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн мааракелик жылында Казакстандын борборунда жана башка шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул эки тарап үчүн маанилүү иш-чараны өткөрүү тарыхый-маданий мурастарды жайылтууга жана гуманитардык байланыштарыбызды өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенем.

Бүгүн Касым-Жомарт Кемелевич экөөбүз казак элинин улуу акыны, агартуучу, эки элдин даңазалуу инсаны Абай Кунанбаевдин эстелигин ачуу аземине катышабыз. Жакынкы арада Нур-Султан шаарында Улуу эпосубуздун баатыр каарманы Манастын эстелигин ачуу пландалууда.

2022-2023-окуу жылына Казакстандын ЖОЖдоруна окууну каалаган Кыргызстандын жарандары тандалып алынды. Тизмеге казак тарап бөлгөн 50 орундук квота боюнча өтүштү. Бул Касым-Жомарт Кемелевичтин жеке демилгеси болгондугун жана бул чечимге ыраазычылыгыбызды билдирип кетем.

Жакынкы мүнөттөрдө биздин билим берүү министрлерибиз Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин (КазУУ) филиалын ачышат. КазУУнун Бишкектеги филиалы эки өлкө үчүн керектүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдай турган кадрларды даярдоо очогуна  айланат деп ишенем.

Биздин мамлекеттерибиздин аймагында улуттук маданиятты, каада-салт жана үрп-адаттарды сактоо жана өнүктүрүү үчүн мындан ары да шарттарды түзүү зарыл деп эсептейбиз.

Сөзүмдүн аягында, өз ара аркеттенүүлөрдүн түрдүү чөйрөлөрүндө эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүнүн так багыттары камтылган Биргелешкен билдирүүбүздө чагылдырылган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кыргыз тарап канааттангандыгын баса белгилейм. Биз мамлекеттерибиздин жана элдерибиздин ортосундагы чыныгы бир туугандык мамилелердин мындан ары да чыңдалышына терең ишенебиз».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

474