Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары: Беларусь Республикасы — Максим Рыженков, Казакстан Республикасы — Мурат Нуртлеу, Кыргыз Республикасы — Жээнбек Кулубаев, Россия Федерациясы — Сергей Лавров, Тажикстан Республикасы — Мухриддин Сироджиддин жана ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты.
Уюмдун ичиндеги кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле эл аралык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу маселелеринде эл аралык түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашылды.
Мамлекет башчысы Кыргызстан ЖККУдагы төрагалыкты чоң жоопкерчилик жана аймактагы кызматташтыкты жана коопсуздукту мындан ары чыңдоого салым кошуу мүмкүнчүлүгү катары кабыл аларын баса белгиледи.
Ал эл аралык терроризм, трансулуттук кылмыштуулук, экстремисттик идеологиянын жайылышы, кибер коркунучтар жана эгемен мамлекеттердин ички иштерине тышкы кийлигишүү маселелери барган сайын актуалдуу болуп бара жатканын белгиледи. Буга байланыштуу ал мындай абал баарына олуттуу коркунуч туудурарын жана бирдиктүү жана координацияланган мамилени талап кыларын ырастады.
«Виртуалдык мейкиндик жаңы чыр-чатактардын жана коркунучтардын аренасына айланууда, ошондуктан критикалык инфраструктураны коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу зарыл», — деди Мамлекет башчысы.
Ал Кыргызстандын төрагалыгы жана алдыдагы иш-чаралар өнөктөштүктү бекемдөө жана жамааттык коопсуздук тутумун өнүктүрүүгө натыйжалуу мамилелерди түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарына ишенимин билдирди.
«Кыргызстан тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы координацияны мындан ары тереңдетүүнү, ошондой эле коргоо жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн колдойт», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент Садыр Жапаров тышкы иштер министрлеринин бүгүнкү кеңешинин жыйыны жемиштүү болоруна ишеним билдирип, анын жыйынтыгы аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн жаңы чечимдерди табууга өбөлгө болорун белгиледи.
Өз кезегинде тышкы иштер министрлери Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы жана жолугушууну жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен, Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын алкагындагы демилгелерин колдошту.
Көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, саясий диалогду кеңейтүү жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча позицияларды макулдашуу ЖККУга мүчө бардык мамлекеттер үчүн артыкчылыктуу милдеттерден болуп кала берери өзгөчө белгиленди.
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун башчылары өз ара ишенимди бекемдөө, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана аймактык жана эл аралык форматтардын алкагында демилгелерди биргелешип илгерилетүү зарылдыгына көңүл бурушту.