7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент дүйнө лидерлеринин саммитине катышуу үчүн Глазко шаарына учуп кетти

616

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, иш сапары менен Улуу Британия Каролдугу жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына учуп кетти.

Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.

Мындан тышкары, Саммиттин аянтчасында чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

  • — Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;
  • — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

617