7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Дөөлөт Сыдыков пиар үчүн ушундай кадамга барды, же ниети бузук адамдардын жетегинде кетип калды

1415

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине акыркы убакта коомчулукта катуу талкуу жаратып жаткан айрым суроолорго жооп берди.

Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! Биздин суроолорго жооп берүүгө макулдугуңузду бергениңиз үчүн алдын ала ыраазычылык билдиребиз. Алгачкы эле суроом коомчулукта катуу талкуу жаратып жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыков тууралуу болмокчу. Ал «өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн чет өлкөгө чыгып кетүүгө туура келди» деп жар салды. Чын эле бийлик тараптан куугунтук болдубу?

— Куугунтук кылгыдай ал менин душманым беле? Катуу айтсам кечирип койгула, манасчы экен деп жүрсөм көрсө, манасчы эмес эле пиарчы экен. Эч ким куугунтук кылган жок жана кылбайт дагы. Бир тал чачы түшпөйт. 100 пайыз кепилдик берем. Бул менин президенттик сөзүм. Көрүнгөн өлкөдө тентип жүрбөй эртелеп эле кайта берсин. Баары бир бир күнү келет. Азыр Дөөлөт эмес, Дөөлөттөн миң эсе байлар чет өлкөдө жашай алышпайт. Чет өлкөдө жашаш оюнчук эмес. Жашап көргөм мен дагы үй-бүлөм менен. Бул же пиар үчүн ушундай кадамга барды, же ниети бузук адамдардын жетегинде кетип калды.

— Дөөлөт Сыдыков өзү айткандай үч жолу чакыртыпсыз. Маданият министри жана басма сөз катчыңыз аркылуу. Кандай максатта чакырдыңыз эле? Жолугушууга барбай койдум дептир. Эмнеге келбей койду экен? Же чын эле сиз айткандай бирөөлөрдүн жетегинде кетип калдыбы?

Кудай көрүп турат. Жакшы ой менен чакыргам. Даяр болуп жаткан долбоор менен тааныштырайын дегем. «Манас айылын» Манас айылы деген атка татыктуу кылып оңдоп коелу деп жасап жаткан иштерди көрсөтүп коеюн, администрация жагына 4-5 сотых жери кирип кетип жаткан болсо, күн батыш тарабынан Манас айылы 7-8 гектар жерге чоңоюп жатат. Ал жакка «Манас театры», кеңсеси менен кошо салынып жатканын көрсөтөйүн деп чакыргам. Манас айылына үч кабаттуу боз үй, андан тышкары, бир топ боз үйлөр, театр салынып жатат. Муну көрсөтөйүн дегем. Балким жаш бала жасалып жаткан иштерди көрбөй-билбей адашып аткандыр, толук маалымат алса түшүнүп кайра тескерисинче колдоп калаар деген ой менен чакыргам. Келбейм деп, керсейип келбей коюптур. Мейли келбесе деп ишти улантып жатабыз. Мамлекет бир кекейген адамга карап олтурмак белек.

Азыркы «Манас айылынын» кебетесин барып көргүлөчү. Иттер менен селсаяктардын дааратканасы болуп калыптыр. Өзү ошол жерде бир жылча башчы болуп иштеди. Эң жок дегенде колуна күрөк алып анча-мынча болсо да тазалап койсо «ии мекенчил бала экен» деп каласың го. Ошону калтыр дейт. Баланын мээси ордунда эмес экен. Ошондон кийин теңелбей эле коелучу дедим.

«Манас айылын» чыныгы Манас айылы кылып жасап жатабыз. Сабыр кылып тургула. Бүткөндөн кийин баа бергиле. Ким туура, ким туура эмес кылып жатканын. Тез эле бүтөбүз. Эл жык жыйма барып эс алып, тойлорун өткөрүп турчу чыныгы Манас айылы болот. Түбөлүк калат. Азыркы абалы мышык ыйлаарлык. Анысы аз келгенсип Манаска таандык бир сөлөкөт жок. Манас айылы деп айткандан уяласың.

— Манасчы эмес эле пиарчы экен дедиңиз. Эмне себептен айтып жатасыз? 14 саат тынбай Манас айткан манасчы го акыры?

— Уккам 14 саат манас айтканын. Сөздөрүнө маани берип, аягына чейин уксаңар.

Бир сөзү миң кайталанат. Антип манас айтпайт да. Бир сөздү миң кайталап манас айтсаң 14 саат эмес, 14 сутка деле айтсаң болот. Саякбай Каралаев атабыздын манас айтканын уккула. Бир да сөзү кайталанбайт. Андан кийин өзүңөр баа бересиңер.

— Кийинки суроом «Белес автобусун алабыз, ата мекендик өндүрүшчүлөрүбүздү колдошубуз керек» дедиңер эле. Өзүңүз барып автобусту айдап дагы көргөнсүз. Азыр эми мэрия кымбат экен, албайбыз, анын үстүнө сертификаты дагы жок» деп жарыя кылды. Бул жагы кандай болуп калат?

Ооба. Биз ата мекендик өндүрүшчүлөрүбүздү колдойбуз. Колдобойбуз деген эч ким жок. Бул автобус биринчи жолу чыгып жатат. Андан тышкары, бир гана автобус чыкты. Мэрияга болсо 2000 автобус керек. Ошондуктан, азырынча 10 автобус, 10 троллейбус заказ берип, аны бир жыл сынактан өткөрөлү деп чечтик. Сынактан өтөөрү менен массалык түрдө буйрутма беребиз. 2000 автобуска оңой эмес акча каражаты кетет. Ал акча бюджеттин акчасы. Анан баарын буйрутма берип алып сынактан өтпөй калса ким жооп берет. Бул жагын да карашыбыз керек да. Менчик акчаң болсо анда тобокелге бара берсең болот эле. Элдин ар бир тыйынын сарптоодо кылдат болушубуз керек. Ийгиликтин эрте кечи жок. Кудай буюрса баары жакшы болуп кетсе, ата мекендик компания «Белес» да бутуна турат. Сабыр кылып тургула.

— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич, бизге убакыт бөлүп, суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн. Иштериңизге ийгилик каалайбыз!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1416