«Манас айылын» чыныгы Манас айылы кылып жасап жатабыз. Сабыр кылып тургула. Бул тууралуу Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек берип жатып билдирген.
«Азыркы «Манас айылынын» кебетесин барып көргүлөчү. Иттер менен селсаяктардын дааратканасы болуп калыптыр. Өзү ошол жерде бир жылча башчы болуп иштеди. Эң жок дегенде колуна күрөк алып анча-мынча болсо да тазалап койсо «ии мекенчил бала экен» деп каласың го. Ошону калтыр дейт. Баланын мээси ордунда эмес экен. Ошондон кийин теңелбей эле коелучу дедим.
«Манас айылын» чыныгы Манас айылы кылып жасап жатабыз. Сабыр кылып тургула. Бүткөндөн кийин баа бергиле. Ким туура, ким туура эмес кылып жатканын. Тез эле бүтөбүз. Эл жык жыйма барып эс алып, тойлорун өткөрүп турчу чыныгы Манас айылы болот. Түбөлүк калат. Азыркы абалы мышык ыйлаарлык. Анысы аз келгенсип Манаска таандык бир сөлөкөт жок. Манас айылы деп айткандан уяласың»,- дейт президент.