7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды

558

Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Төрагасы Садыр Жапаров бүгүн, 25-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына Евразия өкмөт аралык кеңештин (ЕӨАК) отурумуна катышуу үчүн келген Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле ардактуу мейман катары Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов катышты.

Мындан тышкары, жолугушууга Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.

Мамлекет башчысы меймандар менен учурашып, үстүбүздөгү жыл Евразиялык экономикалык комиссиянын иш алып барганына 10 жыл болгондугу менен маанилүү экенин белгиледи.

“Биз өткөн жылдардагы биргелешкен ишибиздин жыйынтыгын чыгарып, келечектүү милдеттер жана максаттарды аныктай турган баскычында турабыз.

Биздин Биримдик абройлуу жана эффективдүү интеграциялык түзүмгө айланды, дүйнөнүн ар кайсы региондорунан көптөгөн өлкөлөр кызматташууга кызыкдар болуп жатышат. Сиздердин ЕАЭБ жана КМШ жаштар форумуна жеке катышууңуздарды кубануу менен белгилейм. Бул эл аралык аянтча туруктуу болуп, жыл сайын өткөрүлөт деп ишенем”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

559