7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент эки министрликтин дарегине сын айтты

499

Президент Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министрлигин, Каржы министрлигин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун март айында түзүлгөн “Кыргызфармация” МИге бюджеттен 1 млрд сом бөлбөгөнү үчүн сындады. Бул мамлекеттик ишкананын ачылышы менен дары-дармек рыногундагы фармацевтикалык мафияны жоюу, өндүрүүчүлөрдөн түз жеткирүү аркылуу алардын калк үчүн баасын төмөндөтүү, ошондой эле дары-дармектердин жетишсиздигин алдын алуу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга ички органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды уюштуруу боюнча маанилүү демилгени ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Бишкектеги Кыргыз-Түрк достугу ооруканасынын жетекчилигине ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды. Ушул жылдын август айында Кыргызстанда биринчи жолу ушундай операциянын жасалышы пландалууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

500