7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Европа Бирлигинин Жогорку өкүлүн кабыл алды

448

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, өлкөгө иш сапары менен келген Европа Бирлигинин Жогорку өкүлү — Европа комиссиясынын Вице-президенти Жозеп Боррелди кабыл алды.

Кеңири чөйрөдөгү маселелер, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыктын, инвестициялардын келечеги жана энергетика, транспорт жана суу ресурстары, санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Европа Бирлиги өлкөнүн эгемендүүлүк алгандан бери туруктуу өнүгүү боюнча колдоо көрсөтүп келе жаткан Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты.

Президент Садыр Жапаров Европа Бирлигинин инвесторлоруна Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан масштабдуу гидроэнергетикалык жана транспорттук долбоорлорго кошулууну сунуштады.

Өз кезегинде Европа Бирлигинин Жогорку өкүлү Жозеп Боррель Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылы Брюсселдеги Европа Бирлигинин штаб-квартирасына болгон жемиштүү сапарын айтып өттү.

Ал белгилегендей, бул сапардын алкагында кол коюлган Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуу эки тараптуу мамилелерде, өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө жаңы перспективаларды ачат.

Жозеп Боррель Европа Бирлигинин Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө берилгендигин жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын ырастады.

 

449