7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Казакстанда өтүүчү ЖЕЭКтин жыл жыйынтыктоочу жыйынына катышат

577

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Казакстанда өтүүчү ЖЕЭКтин үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыктоочу жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖЕЭК мүчө мамлекет башчыларына 2021-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берилет, анын ичинде 2025-жылга чейинки Евразиялык экономикалык интеграциянын стартегиялык багыттарын өнүктүрүүдө камтылган иш-чаралардын аткарылышы тууралуу.

Мындан тышкары, Евразиялык экономикалык биримдикте жүк ташууларга байкоо салуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу, Евразиялык экономикалык биримдиктин 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга карата бюджетинин долбоору, ЕАЭБдин 2022-жылдагы эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле интеграциялык процесстерге байлаынштуу башка маселелердин каралышы күтүлүүдө.

ЖЕЭКтин бул жыйынында Евразия экономикалык биримдигинин органдарындагы төрагалыкты Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү маселеси да каралат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

578