7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Келечекте ар бир айылга чейин асфальт басабыз. Күчүбүз да, бюджетибиз да жетет

649

Мындан ары жолдорду мамлекет өзүбүз курабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган кезектеги маегинде жооп берди.

«Буга чейин ар кандай шылтоолорду айтып, техникабыз жок же адистерибиз жетишпейт деген шылтоо менен чет өлкөлүк компанияларга же жеке жактарга үч-төрт эсе кымбат баага берип келишкен. Себеби алар менен бөлүшүп жегенге ылайыктуу болгон. «Сага тендерден утуп берем. Мага баланча процентин бересиң»‘- деп ачык эле соодалашып, жеп келишкен. Бул эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан транспорт министрлигине техникаларды алып берип, жолдорду өзүбүз сала баштадык. Үч-төрт эсе арзан. Азыр дагы толук техникаларыбыз келе элек. 700гө жакын техника келет. Кудай буюрса келечекте ар бир айылга чейин асфальт басабыз. Күчүбүз да, бюджетибиз да жетет»,- деди өлкө башчы.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

650