7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент кыргыз-тажик чек арасы боюнча эл аралык сотко кайрылуу демилгесине жооп берди

1243

Президент Садыр Жапаров айрым жарандарынын ушул жылдын 28-30-апрелиндеги мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларга байланыштуу Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу демилгеси боюнча үн катты.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар өз ишин улантууда. Алар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени чечүүнүн эң алгылыктуу жолдорун издеп жатат. Азыркы учурда чек аралардын маселелери тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда, айрым күчтөр кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн. Чек ара маселелери өтө салмакталган мамилени талап кылууда жана бул жагдайда мындай демилгелер маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн«- деген кооптонуусун жазат.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринин бардыгы саясий-дипломатиялык жолдор менен чечилип жатканын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1244