7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Кыргызстандын ажарлуу айымдары! Асыл наркыбызды даңазалап, ар дайым бар болуңуздар!

11

Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Ак саамайлуу апалар, нур жүздүү эже-карындаштар!
Кыргызстандын кымбаттуу айымдары!

Сиздерди 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Тарыхы тээ тереңге кеткен кыргыз элибизде үй-бүлөнүн: аял менен эркектин, улуу менен кичүүнүн, ата-эне менен уул-кыздын ортосундагы мамилени жөнгө салуучу баалуулуктар каада-салт менен калыптанып, жазылбаган бузулгус мыйзамга айланган. Мына ошолордун ичинен эл арасында “Эркек — үйдүн тиреги, журттун калканы болсо, аялзаты — үйдүн куту, улуттун уюткусу”, “Аял жакшы — эр жакшы”, “Эненин ак сүтү ыйык” деген сындуу накыл кептер канчалаган кылымдардан бери эле нарк катары аялзатынын орду бийик коюлуп келгенин тастыктап турат. Аялдын акылмандыгы, чексиз мээрими, жөн билгилиги жана камбылдыгы үй-бүлөнүн бекемдигин, коомдун туруктуулугун камсыз кылып келген.

Мына ошондуктан, элибиз аялзатын ар дайым аздек туткан. Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк сыяктуу акылман энелерибиз улут тагдырында зор роль ойногон. Бекеринен кыргыз наркында “Эне — ыйык, кыз — кымбат” деген түшүнүк бекем орун алган эмес. Кызды коноктой күтүп, төргө отургузуу — бул биздин улуттук баалуулугубуздун айкын далили.

Бүгүнкү ааламдашуу доору өкүм сүрүп жаткан маалда улуттук салт-санаабызды сактоо өзгөчө мааниге ээ болуп турат. Дүйнө өзгөрүп, заман жаңыланса да, ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилди, анын ичинде аялзатын урматтоо салты эч качан унутулбашы керек. Анткени жаркын келечекке таалим-тарбия ак жоолукчан апаларыбыздан башталат. Энени урматтаган, атаны аздектеген эл эч качан кем болбойт.

Мамлекетибиз да аялзатын улуттун учугун улоочу, коомдун өнүгүшүнө салым кошуучу кут катары баалап, ар тараптан колдоо көрсөтүп келет. Биз билим берүү, илим, маданият, медицина, ишкердик, мамлекеттик башкаруу жана башка тармактардын өнүгүшүнө бараандуу салым кошуп келаткан кыргыз айымдары менен ар дайым сыймыктанабыз.

12