7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суучул Денис Петрашов АКШда өткөн мелдеште алтын медаль утту

427

Денис Петрашов АКШнын Иллинойс штатынын Вестмонт шаарында сууда сүзүү боюнча эл аралык деңгээлдеги TYR Pro Swim Series 2026 мелдешинде алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүүдө жогорку жыйынтык көрсөттү.
Финалдык жарышта ал 59.70 секунда убакыт менен биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

Экинчи орунду америкалык спортчу Жош Матени (59.78) камсыз кылса, үчүнчү орунду дагы бир америкалык спортчу Жек Келли (59.90) ээледи.

Белгилей кетсек, TYR Pro Swim Series дүйнөнүн профессионал сүзүүчүлөрү катышкан эл аралык мелдештердин бири болуп саналат.

428