7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Өлкө жетекчилиги мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошом деген жаштарды ар дайым колдойт

477

“Өлкө жетекчилиги мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошом деген жигердүү, демилгелүү, аракетчил, мекенчил жаштарды ар дайым колдойт. Биз адам ресурстарына инвестиция кылуу ийгилигибиздин ачкычы экенин жакшы билебиз”, — деп президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземинде билдирди.

Быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 70 студент президенттик стипендиат болушту.

Салтанаттуу иш-чарада мамлекет башчысы куттуктоо сөз сүйлөп, мындай деп белгиледи:

 “Кымбаттуу студенттер! Кыргызстандын келечек ээлери!

Дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөр бардык иш-аракеттеринде билимге таянуу менен алдыга илгерилеп барат. Мына ошондуктан мен ар дайым, биринчи кезекте, өлкөбүздө билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурууга басым жасоо зарылдыгын баса белгилеп айтып келем.

Мына бүгүн окууда, илимде жана чыгармачылыкта өзүн мыкты көрсөтө алган студенттерге “Президенттик стипендия” сертификатын ыйгаруу иш-чарасында өз келечегин терең билимден, талбай окуудан көрө алган жаштар менен жолугушуп жатканыма абдан кубанычтамын.

 

Сапаттуу билим — өлкөнүн келечегинин маанилүү бөлүгү. Нарк сактаган улуу кыргыз элибизде “Билимдүүгө дүйнө жарык”, “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деген таасын кептер бекеринен айтылып калган эмес.

Адистер белгилегендей, жакынкы жылдарда өндүрүш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 70 пайызга жакын салттуу кесиптер жасалма интеллекттин, роботтордун, автоматташтырылган логистикалык системалардын колдонууга киргизилишинен улам, толугу менен жок болуп кетиши же ал кесиптерге суроо-талап болбой калышы мүмкүн экенин белгилешет.

Коом компетенттүү кадрларга гана эмес, өнүгүү жана инновация менен алектенген чыгармачыл жаштарга да муктаж боло тургандыгын боолголошууда.

Албетте, мындай шартта айрым тармактар боюнча тереңдетилген билимди талап кылган жаңы адистиктер пайда болору турган иш.

Мен мындай турмуш чындыгын азыркы заманда жаштардын орду канчалык маанилүү экендигин баса көрсөтүү үчүн айтып жатам.

Мамлекетибиздин негизги ресурсу — интеллектуалдык көрөңгөсү бай, идеялары оргуштаган демилгелүү жаштар — студенттер. Өлкөбүздүн келечеги да жаңы-жаңы ачылыштар, табылгалар, жаратмандык иштерде жаштык демин, курч мүнөздү терең билим алуу менен айкалыштыра алган дал ушул жаштардын колунда экени белгилүү.

Ыкчамдык менен өнүгүп жаткан дүйнө агымында жаңы технологияларды, инновацияларды кабыл алууда жана өздөштүрүүдө, алдыңкы долбоорлорду демилгелөөдө силердин ролуңар баа жеткис!

Мындан улам мамлекет таланттуу студенттердин чыгармачылык потенциалын ачууга жана дүйнө жүзү боюнча талап кылынган инновациялык продукттарды жаратууга өбөлгө түзүү аракетинде.

Өлкө жетекчилиги мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошом деген жигердүү, демилгелүү, аракетчил, мекенчил жаштарды ар дайым колдойт. Биз адам ресурстарына инвестиция кылуу ийгилигибиздин ачкычы экенин жакшы билебиз.

Бүгүнкү иш-чарада болгон дитин окууга койгон, убактысын илимий чыгармачылыкка арнаган, келечекте тандаган кесибинин татыктуу адиси болууга дилгир студенттер чогулуп олтурат деп ишенем!

Чыныгы жетишкендиктер илимдин көрүнүктүү ишмерлеринин, инженерлердин, дарыгерлердин жана башка кесибинин майын чыгара иштеген мээнеткеч адамдардын жаратман эмгектери менен жаралат.

Алардын ишинин натыйжалары – берген түшүмдөрү Кыргызстан элине бакубатчылык тартуулап, жашоо-турмушун жеңилдетүүгө алып келет. Мындай жаратман атуулдарыбызды чыныгы кыргыз жараны десек туура болот. Алар кайсы бир этноско таандык экенине карабастан, эмгегин өз Ата Мекени саналган Кыргызстан үчүн арнап, өлкөбүздүн алдыга жылышына бар күч-дараметин, алган билимин арнап, ак кызмат кылууга умтулат. Бул чыныгы кыргыз жаранынын башкы сапаттарынын бири.

Мамлекет дагы, коомчулук дагы өз өлкөсүнө берилген, тарыхын, санжырасын, салт-санаасын сыйлаган жана элибиздин руханий баалуулуктарын бекем сактаган жарандарын жогору баалайт, барктайт, аздектеп-сыйлайт.

Силер да, кымбаттуу студенттер, ушундай адамдардан үлгү алып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошосуңар деген үмүттөмүн.

Урматтуу бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары!

Шакирттери тууралуу кеп кылып жатып, алардын устаттары же насаатчылары жөнүндө айтпай кетсек болбос.

Окуткан студенттерин жаркын келечекке, ардактуу кесипке кызыктыра билген, өнүккөн Кыргызстанды курууга ишеним менен кароого мүмкүнчүлүк берген өз кесибинин чыныгы адистерине – педагогдорго ыраазычылык билдиргим келет.

Шакирттерине шам болуп жагылып, илим жолуна багыттай алган, студенттери менен изилдөөлөрдү, техникалык иштеп чыгууларды жана башка иштерди биргелешип жүргүзгөн окумуштуулардан чоң үмүт артабыз!

Илимий-изилдөө институттарынын жана университеттердин ишмердүүлүгү мамлекеттин алдында турган өндүрүштүк татаал илимий маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем.

Кымбаттуу студенттер! Кымбаттуу достор! Дагы бир жолу Президенттик стипендияга ээ болушуңар менен куттуктайбыз!

Мындай колдоо бир жагынан силердин башкалардан өзгөчөлөнгөн жетишкендигиңер үчүн деп белгиленсе, экинчи жагынан өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсү үчүн өз кесибинин чыныгы адиси болуп чыгууга түрткү болот!

Алдыга койгон максатыңар ишке ашып, алган билимиңер аркылуу ата-энеңер менен кошо эли-журтуңардын, Ата Мекениңердин үмүт-тилегин актаарыңарга тилектешмин!

Билим, илим жолундагы сапарыңар байсалдуу болсун! Силерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, ак жол каалайм!”,- деди президент.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

478