7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Мамлекеттик башкаруу академиясын модернизациялоо пландары менен таанышты

351

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын модернизациялоо пландары менен таанышты.

Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Айгүл Калчакеева Мамлекет башчыга академиянын учурдагы ишмердүүлүгү, жетишилген натыйжалар жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле окутуунун заманбап ыкмаларын киргизүү жана окуу процессин санариптештирүү багытында ишке ашырылып жаткан билим берүү программалары тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары Айгүл Калчакеева окуу жайдын окуу базасын чыңдоо, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана окуу процессине эксперттерди тартуу боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Мамлекет башчыга ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат органдары үчүн адистерди даярдоонун комплекстүү системасын өнүктүрүү жана кадрдык резервди түзүүнүн туруктуу механизмин иштеп чыгуу пландары тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров академиянын карамагындагы пансионаттын инфраструктурасын жана шарттарын жакшыртуу маселелеринде мамлекет каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

352