7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент спорт академиясынын аянтчасын күзгө чейин толук оңдоону тапшырды (ФОТО)

640

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда, Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы академиянын учурдагы абалы менен таанышып, тактап айтканда, футбол жана жеңил атлетика аянтчасын, машыгуу залдарын, ачык спорт аянтчаларын көрүп чыгып, академиянын спорттук базасы менен таанышты.

Президентке жеңил атлетика, футбол, күрөш, стол тенниси боюнча машыгуу процессин өткөрүүгө арналган манеж академиянын студенттери жана башка масштабдуу иш-чаралар үчүн 1976-жылы пайдаланууга берилгени тууралуу маалымат берилди. Бүгүнкү күндө анын абалы заманбап санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт, спортчуларды даярдоо үчүн заманбап шаймандар жок, колдогусу кейиштүү абалда.

Бул жерде буга чейин эч кандай оңдоо иштери өткөрүлгөн эмес. Садыр Жапаров академиянын футбол жана жеңил атлетика аянтчасын толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө каражат таап, аны быйылкы жаңы окуу жылынын башталышына заманбап талаптарга жооп берип, студенттер үчүн эң ыңгайлуу шарттары менен боло тургандай кылып бүткөрүүнү тапшырды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

641