7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент мамлекеттик сыйлыктарды берүүнүн тартиби жөнүндө жарлыкка кол койду

570

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө президенттин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” жарлыкка кол койду.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” КР мыйзамына, Конституциянын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө президенттин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын
10-сентябрындагы № 125 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө” Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын
22-февралындагы № 34 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” Жарлыгынын 3-пункту.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жарлыктар — 1 — 2.

571