7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Мээрим Жуманазарованын коло медаль тагынышы менен куттуктады

1002

Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, телефон аркылуу улуттук олимпиадалык курама команданын мүчөсү, эркин күрөш боюнча балбан Мээрим Жуманазарованы Токиодо (Япония) өткөн Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болушу менен куттуктады.

Мамлекет башчысы кыргыз элинин жана өзүнүн атынан спортчуга жогорку жетишкендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.

«Өлкөбүздүн намысы үчүн акырына чейин күрөшөрүңүзгө баарыбыз ишенгенбиз. Кылдат чеберчилик, бекем эрк жана кайраттуу мүнөз менен күчтүү атаандашыңызды жеңип алдыңыз. Бүт өлкө сизди сүрөп, сиз үчүн кабатырланып жатты. Соңунда биздин үмүтүбүздү актап, жалпы кыргызстандыктарга кубаныч тартууладыңыз», — деп белгиледи ал.

Мамлекет башчысы таланттуу спортчу кыздардын азыркы плеядасы Кыргызстанда аялдар күрөшүн жандандырганын, ага кошумча мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, улуттук спорттун тарыхында жаңы барак ачып, өлкөнү дүйнөлүк деңгээлде даңазалаганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров Мээрим Жуманазаровага жана улуттук олимпиадалык команданын бардык мүчөлөрүнө чың ден соолук, ийгиликтер менен жаңы-жаңы жеңиштерди каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1003