Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинде коло байгеси үчүн таймашып, 10:1 эсебинде жеңишти багындырды.
Аны чейрек финалда уткан Блессинг Оборудуду (Нигерия) монголиялык Батцэцэг Соронзонболдынды 7:0 эсеби менен утуп финалга чыккан. Мындан улам Мээрим коло байге үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алган.
68 килограмм салмак даражасында күрөшкөн кыргызстандык спортчу чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Жарым финалда азербайжандык Элиз Манолованы 4:1 эсебинде жеңди.
Ал эми финалда, 3-август Бишкек убактысы боюнча 15:50дө килемге чыгып, биринчи раундда Монголиялык Соронзонболд Батцецегди 10:1 эсебинде жеңип, коло медалга ээ болду.