7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Акжол Махмудовду жеңиши менен куттуктады

564

Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовду Токиодогу (Япония) Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңип алгандыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Көптөн берки талбаган эмгегиңдин жана талантыңдын натыйжасындагы ийгиликтүү жетишкендигиңди чын жүрөктөн куттуктайм. Сен али жашсын, келечекте алтын медалды дагы багындырасың. Сен бүгүн Манастын чыныгы тукуму экениңди далилдедиң. Олимпиадада күмүш медаль баарынын бактысына эле жазыла бербейт. Мындай жетишкендик улуттук спорттун тарыхында көп деле болгон эмес, ошондуктан бул ийгилик жалпы кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү жана өтө баалуу. Миллиондогон мекендештерибиз демин ичине катып, сенин күрөшүңдү көрүп турушту, чын жүрөктөн сүрөп, чын жүрөктөн кабатырланып жатышты. Биз спортчуларыбызды Мекенибизде чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Аман-эсен кайтып келип алышын каалайм!» — деп айтты Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын олимпиадалык курама командасына мындан ары да ийгиликтерди каалап, калган спортчулар дагы сөзсүз жогорку сыйлыктарга ээ болоруна ишеним артып жаткандыгын билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

565