7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Ошто шаар калкын таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди

515

 Бүгүн, 31-августта Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди.

Эске салсак, ушул жылдын июль айында Мамлекет башчысы Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы таза суу үчүн төрт жаңы суу сактагычтын курулушу менен таанышып, түштүк борбордун тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселесин бир айдын ичинде чечүүнү тапшырган. Ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөт. Аларда жарандар үчүн ичүүчү таза суу топтолот. Мамлекет башчыга суу алуучу жайды расмий ишке киргизүүнүн алдында шаар бийлиги жабдууларды сыноодон өткөрүп, резервуарларды дезинфекциялоодон өткөргөнү маалымдалды. Азыр Ош шаарында ичүүчү суу маселеси чечилди. Долбоордун баасы 194 млн сомду түзөт. Президент Садыр Жапаров суу алуучу жайдын насостук станциясынын иши менен таанышып жатып, жаңы объектинин ишке берилгендигин канааттануу менен белгилеп, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси мамлекеттин стратегиялык милдеттеринин бири экенин, аны чечүү адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга түздөн-түз таасирин тийгизерин ырастады. Ош шаарында көп жылдардан бери ичүүчү суу маселеси курч бойдон калып келген. Эгерде мурда сел жана жамгыр учурунда ачык суу сактагычтын – Ак-Буура дарыясынын пайдаланылган суусу булгангандыктан, шаардыктарга суу берүү токтотулуп келсе, азыр бул маселе чечилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

516