7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров алгачкы жарлыктарга кол койду

279

Президент Садыр Жапаров кечээ, 29-январда, беш жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы жарандардын руханий адеп-ахлагын өнүктүрүү жана дене тарбиясы, жаңы кадрдык саясат, менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо, миграциялык кырдаалды жакшыртуу жана кен казуу тармагын реформалоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Ички саясаттын эң маанилүү багыты катары жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо максатында Жапаровдун «Жарандардын рухий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» биринчи жарлыгы чыкты.

«Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыкты жүзөгө ашыруу жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө тең жеткиликтүүлүгүн камсыздоого шарт түзөт жана кадр маселелерин чечүүдө коррупция тобокелдигин төмөндөтүүгө жол ачат.

«Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгы  ишкерлердин жана инвесторлордун жеке мүлкүн коргоону күчөтүү жана ишкердик чөйрөнү түзуүнү колдоого багытталат.

Миграциялык процесстерди турукташтыруу максатында «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» жарлыкка кол коюлду.

«Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыктын негизги милдеттери болуп жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүү жана башкалар боюнча чараларды ишке ашыруу болуп саналат.

Ошондой эле бир катар жарлыктар иштеп чыгуу стадиясында турат. Президент Садыр Жапаров аларга жакынкы күндөрдө кол коеру күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

280