7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Астанага барды

302

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, “Борбор Азия — Кытай” Экинчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) барды.

Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын мамлекеттик туулары илинди, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Эске сала кетсек, саммиттин ишине Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын катышуусу пландалууда.

Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында ошондой эле КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу өткөрөт.

303