7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бахрейндин Королу менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

321

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Бахрейн Королдугуна расмий сапарынын алкагында Король Хамад бин Иса Аль Халифа менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча эки жактуу аракеттенүүлөрдүн актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнүн келечеги тууралуу пикир алышты.

Өлкөлөрдүн лидерлери Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы мамилелердин ырааттуу өнүгүшүнүн пайдубалын түзө турган бардык деңгээлдеги алакаларды арттыруунун жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жолугушууда Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти катары кыргыз-бахрейн мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Бахрейн Королдугуна расмий сапар менен барышы ал үчүн зор сыймык экенин өзгөчө баса белгиледи.

Ал эки мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы барагын ачкан бул сапардын символдуулугун белгилеп, өз ара пайдалуу өнөктөштүк мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирди.

Бул контекстте Садыр Жапаров Король Хамад бин Иса Аль Халифаны Кыргызстанга жооп иретинде сапар менен келип кетүүгө чакырды.

322