Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда, Бишкекте 17-18-майда болгон окуя боюнча кайрылуу жасады.
“Урматтуу кыргызстандыктар!
Тилекке каршы, коомубуздун турмушунда баарыбызды тынчсыздандырган жагымсыз бир окуяга туш болдук. Ортодо чын-бышыгын билип-билбей, чын-төгүнүн аныктабай, чагымчыл күчтөрдүн азгырыгына жетеленген топтордун кылган ишинин кесепетинен көпчүлүк элибиз, мамлекетибиз жабыр тартып отурат.
13-майда болгон окуяга калпы-чыны аралаш ар кандай боёктор сүртүлүп, 18-майда интернетке видеоматериал жайылткандардын кесепетин баарыбыз көрдүк.
Ооба, күч органдары өз маалында чара көрүп, жүргүзүп жаткан иштерин өз маалында коомчулукка чыгарганда, балким, мындай болбойт эле.
Биздин Ички иштер министрлигибиз 13-майда болгон окуянын себепкерлерин кармап, ыкчам аракеттерди жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү камап жаткан.
Бирок, тилекке каршы, бул кырдаалды башка күчтөр, жагдайды курчутууга кызыкдар тараптар пайдаланып кетүүгө үлгүрүштү.
Биздин патриот жаштарыбыздын чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясын токтотуу, мындай иштерге жол бергендерге катуу чара көрүү сыяктуу талаптары, албетте, туура.
Ал талаптарды бул окуяда эле эмес, буга чейин да коюп келе жаткансыздар.
Тиешелүү мамлекеттик мекемелер бул маселелерге анализ жүргүзүп, тиешелүү иш жүргүзө баштаганын дагы билесиздер.
Өзүңөр күбө болгондой, буга чейин эле УКМК, ИИМ тарабынан мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарды аныктоо иштери жүрүп жаткан.
Бирок, жогоруда белгилегенимдей, интернет желесине эмне чыкса, ошого ишенип, тең салмактап, талдоо жүргүзө албай, ортодо чагымчылдардын намысты козгогон азгырыктарына жетеленип, куттуу өлкөбүздүн, өнүгүү жолуна багыт алган мамлекетибиздин, эзелтен келаткан меймандос элибиздин кадыр-баркына шек келтирдиңер.
Бул өтө өкүнүчтүү!