Бишкек мэриясы «Ататүрк» паркынын четине салынган үйлөргө байланыштуу сотко доо арыздарды бере баштаганын белгилеп, жалпысынан 94 доо коюларын кабарлады. Доо арыздардын даярдалышына жараша саны көбөйүшү мүмкүн экени кошумчаланды.
Мэрия белгилегендей, уруксатсыз курулуп жаткан объектилерди демонтаждоо жана бир катар имараттардын айланасындагы тосмолорду бузуу пландалууда. Бирок бул иштер бүгүн аткарылбайт.